# 2-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун субъекттери

- Документ: [Улуттук коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1168)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-февралындагы № 44 "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1115/edition/859711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1168/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук коопсуздук жөнүндө, 2-статья (01.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-2

---

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги субъекти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги бутактарынын органдары аркылуу бул жааттагы милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекет болуп саналат. Мамлекет колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарына коргоо жана колдоо көрсөтүүгө кепилдик берилет. Жарандар, коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер улуттук коопсуздуктун субъекттери болуп саналышат, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча укуктарга жана милдеттерге ээ болушат. Мамлекет мыйзамдарга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүшкөн жарандардын коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин укуктук жана социалдык жактан коргоого алынышын камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-3)
