# 11-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары

- Документ: [Улуттук коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1168)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-февралындагы № 44 "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 222 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О национальной безопасности""](https://aqlex.ai/kg/doc/203467)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1168#diff=859713..859714>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1115/edition/859711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1168/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук коопсуздук жөнүндө, 11-статья (01.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-11

---

Кыргыз Республикасында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана өнүгөт. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, караштуулугуна улуттук коопсуздук маселелери болгон ыйгарым укуктуу органды, ички иштер, бажы иши, салык кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарын, ошондой эле өздөрүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган башка мамлекеттик органдарды;

- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу кызматтарын, жарандык коргоо бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн, ички аскерлерди;

- өнөр жайында, энергетикада, транспортто жана айыл чарбасында иштердин коопсуз жүргүзүлүшүн камсыз кылган органдарды.

Өзүнүн ишинде атайын күчтөрдү жана каражаттарды колдонушкан караштуулугунда улуттук коопсуздук маселелери болгон ыйгарым укуктуу орган, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик бийликтин башка органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана аракеттенишет. (КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-10)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1168/st-19)
