# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11679>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1960/edition/865085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11679.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11679

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-январы № 43 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин курамын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобонун III бөлүгүндө:

- "19", "6", "6", "6" сандары иретине жараша "13", "4", "4", "4" сандары менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институту", илимий-изилдөө институттары, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдор" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор, илимий-изилдөө институттары, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюм" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
