# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11672>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1953/edition/931078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11672.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (19.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11672

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-январы № 31 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык) Ачык-айкындыкты камсыздоо, коррупциялык тобокелдерди болтурбоо жана ишкердик жүргүзүүгө мамлекеттик жөнгө салуунун таасирин азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 62 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жободо:

- 11-пункттун бешинчи абзацындагы "жер астындагы сууларды сарамжалдуу пайдаланууга," деген сөздөр алып салынсын;

- 11-пункттун онунчу абзацындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын;

- 12-пункттун он бешинчи абзацындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
