Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 9-июну № 315 "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-июнундагы №50, токтомунун редакциясына ылайык) Экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүү жана камсыздоо, коронавирус тараган шартта ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы (андан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) ишкердик субъекттерге кредит берүү үчүн бюджеттик ассигнованиелерди жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жетишилген макулдашууларды эске алып, ички жана тышкы булактардан финансы каражаттарын издеп тапсын жана финансы каражаттарын Программага ылайык ишкердик субъекттерге кредит берүүгө багыттасын;
2) Программага ылайык алынган кредиттерди жоюунун эсебине субъекттерден келип түшкөн каражаттарды топтоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында атайын эсепти ачсын. Бул эсепте чогулган каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык андан ары колдонулууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-июнундагы №50, токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жогоруда аталган Программаны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга жана чакан финансылык уюмдарга ишкердик субъекттер тарабынан салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттери колдонулгандыгы жөнүндө маалыматты өз убагында берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 447 "2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2020 · № 447
- "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 токтомуна)Программа · 09.06.2020 · № 315
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июну № 408 "Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу тартибин бекитүү…Постановление · 10.06.2026 · № 408
- "Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 10-июнундагы№ 408 токтомуна)Порядок · 10.06.2026 · № 408
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 447 "2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык…Постановление · 01.09.2020 · № 461
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасын бекитүү…Постановление · 30.06.2021 · № 50
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 456-токтомуПостановление · 28.08.2020 · № 456
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 50 токтомуПостановление · 30.06.2021 · № 50
- КР Министрлер Кабинетинин 10.06.2026-ж., № 408 токтомуПостановление · 10.06.2026 · № 408
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.