# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кен пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кен пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 694
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11664>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1945/edition/862702/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11664.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кен пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11664

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 23-октябры № 694 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кен пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган чийки зат товарларынын үлгүлөрүн тандоодо инспекциялык жана сыноочу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибинде:

- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "сыноочу инспекциялык" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "инспекциялык" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13. Инспекциялык компания тандалып алынган үлгүлөрдүн экземплярларын сыноону ИСО/МЭК 17025 стандарты боюнча аккредиттелген лабораторияда (жеке менчик же тартылган) өткөрөт. Тандалып алынган үлгүлөрдүн экземплярларын сыноо, кенди пайдалануу укугуна лицензияда көрсөтүлгөн пайдалуу компоненттин ар бир түрүнө жүргүзүлөт.";

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
