Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кен пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 23-октябры № 694 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кен пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган чийки зат товарларынын үлгүлөрүн тандоодо инспекциялык жана сыноочу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибинде:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "сыноочу инспекциялык" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "инспекциялык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Инспекциялык компания тандалып алынган үлгүлөрдүн экземплярларын сыноону ИСО/МЭК 17025 стандарты боюнча аккредиттелген лабораторияда (жеке менчик же тартылган) өткөрөт. Тандалып алынган үлгүлөрдүн экземплярларын сыноо, кенди пайдалануу укугуна лицензияда көрсөтүлгөн пайдалуу компоненттин ар бир түрүнө жүргүзүлөт.";
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- "Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 токтому…Положение · 31.07.2013 · № 439
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.09.2017 · № 570
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз…Порядок · 14.09.2017 · № 570
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 "Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын…Постановление · 31.07.2013 · № 439 · Күчүн жоготкон