Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-октябры № 688 "Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С. Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 688 токтому менен жактырылган
Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Cалык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитети жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 337-б буйругу менен жактырылган. Макулдашууда салыктык укук бузуулардын алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, ошондой эле салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча өз ара жардам көрсөтүү менен байланышкан биргелешкен иш-аракеттерди координациялоону камсыз кылуучу жоболор бекитилген. Мындан тышкары, Макулдашуунун жоболору эл аралык салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болуучу жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдөгү бирдиктүү мамилени аныктайт. Ушул Макулдашуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Ушул Макулдашууну ратификациялоо финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 2010-VI "2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын…Постановление · 22.11.2017 · № 2010-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 2042-VI "2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан…Постановление · 30.11.2017 · № 2042-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-декабрындагы № 2061-VI "2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан…Постановление · 07.12.2017 · № 2061-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери…Закон · 12.12.2017 · № 204 (9)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон