# 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүнү киргизүү тууралуу протоколу

- Толук аталышы: 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүнү киргизүү тууралуу протоколу
- Актынын түрү: Протокол
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11652>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/55-4/edition/862284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11652.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүнү киргизүү тууралуу протоколу (12.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11652

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 685 токтому менен бекитилди 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүнү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ Москва шаары, 2017-жылдын 12-сентябры Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз-Россия мамилелерин андан ары чыңдоого көмөктөшүп, 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) көңүлгө алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Макулдашуунун 3-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын: "3-берене. Тараптардын компетенттүү органдары 2017-жылы 2017-жылга мунайды жана мунайзаттарын (мындан ары - товарлар) Кыргыз Республикасында ички керектөөнүн көлөмдөрүн жана номенклатурасын макулдашат жана 2017-жылга алар боюнча индикативдик баланстарды бекитишет. Товарларды кийинки жылдарда ички керектөөнүн көлөмү жана номенклатурасы, алар боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшү эсепке алынган кийинки календарлык жылга индикативдик балансты (мындан ары - индикативдик баланстар) бекитүү жолу менен үстүдөгү календарлык жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө тараптардын компетенттүү органдары тарабынан макулдашылат. Ар бир үстүдөгү календарлык жылга индикативдик баланстарды тактоо Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды ички керектөөнүн негизделген өзгөрүүсүн эсепке алуу менен, учурдагы календарлык жылдын 15-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Кыргыз тарап үстүдөгү календарлык жылдын 5-сентябрына чейин Россиялык тарапка кийинки календарлык жылга индикативдик баланстарды түзүү сунушун берет, ал эми үстүдөгү календарлык жылдын 15-ноябрына чейин 9 айдын ичиндеги индикативдик баланстардын аткарылганы жөнүндө жана алардын үстүдөгү календарлык жылда аткарылууга тийиш болгондор тууралуу маалыматты берет.". 2-берене. Ушул Протокол дипломатиялык каналдар боюнча Тараптар ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Тараптар ушул Протоколго кол коюлган күндөн 30 күн өткөндөн кийин Макулдашуунун жоболору ушул Протоколдо кандай өзгөрүлгөн болсо, ошондой түрдө убактылуу колдоно башташат.

2017-жылдын 12-сентябры Москва ш. эки нускада, ар бир нускасы кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн

Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн
