# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 679 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 679 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 679
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1930/edition/920811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 679 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11646

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 629 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-октябры № 679 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Премьер-министри

С. Исаков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьяда:

а) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу юридикалык жана жеке жактар тарабынан жасалат. Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн предмети болуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен техникалык өзгөчөлүктөрдү сактоо менен жасалат.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун техникалык өзгөчөлүктөрүн сактабай жасоо администрациялык жоопкерчилик тартууга алып келет.";

2) 10-статьяда:

а) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби юридикалык жана жеке жактар тарабынан жасалат. Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн предмети болуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен техникалык өзгөчөлүктөрдү сактоо менен жасалат.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүктөрүн сактабай жасоо администрациялык жоопкерчилик тартууга алып келет.";

3) 14-статьянын 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул статьянын 1-бөлүгүндө белгиленген тартипти бузуу администрациялык жоопкерчилик тартууга алып келет.". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 388-1, 388-2 жана 388-3-статьялар менен толукталсын:

"388-1-статья. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башкаларды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартибин бузуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башкаларды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартибин бузуу - юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө, жеке жактарга - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган аракеттер администрациялык чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө, жеке жактарга - кырк өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. 388-2-статья. Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн предмети болуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорунун техникалык өзгөчөлүктөрүн сактабай жасоо Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн предмети болуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорунун техникалык өзгөчөлүктөрүн сактабай жасагандыгы үчүн - юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, жеке жактарга - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган аракеттер администрациялык чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн төрт жүз өлчөмүндө, жеке жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. 388-3-статья. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорун колдонууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорун колдонууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, жеке жактарга - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган аракеттер администрациялык чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, жеке жактарга - кырк өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

2) 511-статьянын экинчи абзацы "378-386," деген цифралардан кийин "388-1, 388-3," деген цифралар менен толукталсын;

3) 546-5-статьянын биринчи абзацы "383," деген цифралардан кийин "388-2," деген цифралар менен толукталсын;

4) 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы "382," деген цифралардан кийин "388-1, 388-3," деген цифралар менен толукталсын;

5) 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын сегизинчи абзацы "383," деген цифралардан кийин "388-2," деген цифралар менен толукталсын.

3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө киргенден тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти
