# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 677 "Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 677 "Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 677
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11644>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1928/edition/861961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11644.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 677 "Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (18.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11644

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-октябры № 677 "Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү сунушталгандар жактырылсын:

- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

С.Исаков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 1-берене. Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө өзбек тарапка кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 677 токтому менен жактырылган

Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 77-б буйругу менен жактырылган. Жогоруда аталган Макулдашууга Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин 2017-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы кол койгон. Бул Макулдашуунун негизги максаты кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өз ара мамилелерине байланыштуу маселелерди жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын участокторунда чек ара өкүлдөрүнүн ишинин тартибин регламенттөө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, чек ара инциденттерин чечүү жана мамлекеттик чек арада режимди кармоо болуп саналат. Бул Макулдашууну ратификациялоо чек ара инциденттерин чечүүдө, чек арадан өтүүнү биргелешип текшерүүдө жана чек ара өкүлдөрүнүн ишинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүү элементи болуп эсептелет. Бул Макулдашууну ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт.
