# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 675
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1927/edition/861963/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (18.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11643

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-октябры № 675 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4.1-пунктчасы менен толукталсын: "4.1. 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 1 тиркемесинин VII бөлүмүндө каралган учурларда Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын формалары колдонулат. Калган учурларда ушул токтом менен бекитилген шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын формалары колдонулат."; 5-пунктундагы "Экономикалык тескөө министрлигине" деген сөздөр "Экономика министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Исаков
