# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 851 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 851 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 851
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11639>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1923/edition/861811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11639.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 851 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11639

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-декабры № 851 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Аба кемелеринин учуу коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-6 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына 2017-2020-жылдардагы финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын 25 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которууга уруксат берилсин. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы 2017-2020-жылдардагы финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон 25 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жыл сайын отчет берсин.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С. Исаков
