# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 849
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11637>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1921/edition/1181973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11637.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11637

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-декабры № 849 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" токтомунун 3-1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтомунун 3-2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 2-1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 2-1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 196 "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 "Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
