# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 841 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 841 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 841
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11635>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1919/edition/860857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11635.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 841 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11635

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-декабры № 841 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кен казуучу компаниялар үчүн жардыруучу заттарды сактоо жерлерин даярдоодо чектөөлөрдү жок кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелеринде:

- 429-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бул аралык видео байкоочу система жана кыймылды билдиргич түзүлүштөрү болгон шартта ыйгарымдуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча азайтылышы мүмкүн.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
