Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 „Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-декабры № 841 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кен казуучу компаниялар үчүн жардыруучу заттарды сактоо жерлерин даярдоодо чектөөлөрдү жок кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелеринде:
- 429-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул аралык видео байкоочу система жана кыймылды билдиргич түзүлүштөрү болгон шартта ыйгарымдуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча азайтылышы мүмкүн.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 токтому менен бекитилген)Правила · 30.09.2016 · № 521
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 "Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2016 · № 521
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон