# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 843
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11634>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1918/edition/860859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11634.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө" токтому (29.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11634

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 34 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-декабры № 843 Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)

Билим берүү секторунда финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдик принцибине которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери жалпы билими берүүчү уюмдарды каржылоонун шарттары өзгөргөн учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын тизмеги төмөнкүдөй мазмундагы 163-170-пункттар менен толукталсын: "

163

Бишкек шаары

Абдылда Каниметов атындагы № 1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернаты

164

Бишкек шаары

Т.Молдо атындагы № 71 жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн жалпы орто билим берүүчү интернат мектеп

165

Бишкек шаары

Герман Гмайнер атындагы SOS окуу тарбиялоо комплекси

166

Бишкек шаары

№ 10 кечки (нөөмөттүү) жалпы билим берүүчү мектеп

167

Бишкек шаары

№ 7 жумушчу жаштардын жалпы орто билим берүүчү мектеби

168

Бишкек шаары

№ 22 атайын (көмөкчү) мектеп

169

Бишкек шаары

№ 30 атайын (көмөкчү) мектеп

170

Бишкек шаары

№ 34 атайын (көмөкчү) мектеп

".

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдеринин негизинде жалпы билим берүүчү уюмдардын 2018-жылга бюджетин республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүгүнө жараша аныктасын.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын 2018-жылы 90,5 пайыз өлчөмүндө, 2019-жылы 93,0 пайыз өлчөмүндө, 2020-жылы 95 пайыз өлчөмүндө жана 2021-жылы - 100 пайыз өлчөмүндө каржылоону камсыздасын.

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана/же райондук жана/же райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү финансылык тобокелдери бар жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн бюджеттик каржылоонун типтүү ченеми менен аныкталган бюджеттен тышкары 30 пайызга чейин дотация чектөөгө укуктуу экени белгиленсин. Дотациялар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине ылайык 2017-2020-жылдарга эсептелген бюджеттик чыгымдардын чегинде, эмгек акы төлөө фондунун өсүшүн чектөөнүн эсебинен 30 пайыздан ашпастан бөлүнөт.

7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы № 281 "2015-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласын (коммуналдык чыгымдарсыз) бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С. Исаков

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоонун (коммуналдык чыгымдардан тышкары) ЧЕНЕМДЕРИ (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)

(сом менен)

№

Жалпы билим берүүчү уюмдардын (класстардын) типтери

Чыгымдардын түрлөрү

Шаарларда жайгашкан жалпы билим берүүчү уюмдар

Айыл жеринде жайгашкан жалпы билим берүүчү уюмдар

I баскыч

II баскыч

III баскыч

I баскыч

II баскыч

III баскыч

1

Башталгыч жалпы билим берүүчү мектептер

Эмгек акыга чыгымдар

12023

14524

Социалдык фондго төгүмдөр

2074

2505

Тамак-ашка чыгымдар

1260

1260

Окуу чыгымдары

163

178

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

Окуу китептерин сатып алууга чыгымдар

196

196

Күндөлүк оңдоо иштерине чыгымдар

368

368

1 окуучуга карата бюджеттик каржылоо стандарты

16177

19124

2

Негизги жана орто жалпы билим берүүчү мектептер (жалпы билим берүүчү класстар)

Эмгек акыга чыгымдар

11024

15974

16576

13319

19210

19448

Социалдык фондго төгүмдөр

1902

2756

2859

2297

3314

3355

Тамак-ашка чыгымдар

1260

1260

Окуу чыгымдары

163

181

215

178

197

225

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин сатып алууга чыгымдар

196

321

525

196

321

525

Күндөлүк оңдоо иштерине чыгымдар

368

368

368

368

368

368

1 окуучуга карата бюджеттик каржылоо стандарты

15006

19693

20636

17711

23503

24014

3

Мектеп-интернаттар (интернаттык класстар)

Эмгек акыга чыгымдар

15847

22963

23824

19142

27612

27956

Социалдык фондго төгүмдөр

2734

3961

4110

3302

4763

4822

Тамак-ашка чыгымдар

14280

14700

14700

14280

14700

14700

Окуу чыгымдары

163

181

215

178

197

225

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин сатып алууга чыгымдар

196

321

525

196

321

525

Күндөлүк оңдоо иштерине чыгымдар

368

368

368

368

368

368

1 окуучуга карата бюджеттик каржылоо стандарты

33681

42587

43835

37559

48054

48689

4

Мектеп-гимназиялар (гимназиялык класстар)

Эмгек акыга чыгымдар

11024

22166

25046

13319

25931

28626

Социалдык фондго төгүмдөр

1902

3824

4321

2297

4473

4938

Тамак-ашка чыгымдар

1260

1260

Окуу чыгымдары

163

181

215

178

197

225

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин сатып алууга чыгымдар

196

321

525

196

321

525

Күндөлүк оңдоо иштерине чыгымдар

368

368

368

368

368

368

1 окуучуга бюджеттик каржылоо стандарты

15006

26953

30568

17711

31383

34775

5

Мектеп-лицейлер (лицейлик класстар)

Эмгек акыга чыгымдар

11024

19853

26137

13319

23209

22872

Социалдык фондго төгүмдөр

1902

3425

4509

2297

4004

5153

Тамак-ашка чыгымдар

1260

1260

Окуу чыгымдары

163

181

215

178

197

225

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин сатып алууга чыгымдар

196

321

525

196

321

525

Күндөлүк оңдоо иштерине чыгымдар

368

368

368

368

368

368

1 окуучуга бюджеттик каржылоо стандарты

15006

24241

31847

17711

28192

36236

6

Чет тилди тереңдетип окутуучу мектеп-гимназиялар (чет тилди тереңдетип окутуучу класстар)

Эмгек акыга чыгымдар

11024

24997

26402

13319

28062

29003

Социалдык фондго төгүмдөр

1902

4312

4554

2297

4841

5003

Тамак-ашка чыгымдар

1260

1260

Окуу чыгымдары

163

181

215

178

197

225

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин сатып алууга чыгымдар

196

321

525

196

321

525

Күндөлүк оңдоо иштерине чыгымдар

368

368

368

368

368

368

1 окуучуга бюджеттик каржылоо стандарты

15006

30272

32157

17771

33882

35217

Инклюзивдүү билим берүүдө атайын муктаждыктары бар окуучулар үчүн бюджеттик каржылоо стандарты боюнча каражаттарга жалпы билим берүүчү уюмдардын керектөөлөрүн эсептөөдө стандартта эмгек акыга чыгымдар 3,0 көбөйтүүчү коэффициент менен туураланат.
