# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 838 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 838 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 838
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1915/edition/1145988/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 838 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (27.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11631

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-декабры № 838 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мыйзам долбоорлорун илгерилетүүнү координациялоо жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жободо:

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун жактоодон жана мамлекеттик органдын жетекчиси жок болгондо анын милдетин убактылуу аткаруу учурларынан тышкары, статс-катчыга мамлекеттик органдын тармактык функцияларын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын берилиши мүмкүн эмес.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Исаков
