# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 "Ломбард ишинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 "Ломбард ишинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 353
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11627>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1913/edition/1174483/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11627.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 "Ломбард ишинин маселелери жөнүндө" токтому (31.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11627

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 8-июну № 353 Ломбард ишинин маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленсин:

1) 500000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес;

2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - 1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

3) 2023-жылдын 1-январынан тартып - 2000000 (эки миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

4) 2025-жылдын 1-январынан тартып - 3000000 (үч миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 23-июнунда N 75 жарыяланды

Премьер-министри

С. Жээнбеков

3-тиркеме

"Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун 3-тиркемеси

Форма

Анкета

(сүрөт)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кызмат орду) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ломбарддын аталышы)

1. Аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(туулган күнү жана жери) Паспортунун сериясы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ номери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ким тарабынан берилген \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ берилген датасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жарандыгы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Катталган жери боюнча үй дареги, телефонун № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Иш жүзүндө жашаган жеринин үй дареги, телефонун № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. Үй-бүлөлүк абалы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. Жогорку билими \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(бакалавр, адис, магистр) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ дипломдун № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ берилген датасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ким тарабынан берилген \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Окуу жайдын аталышы жана жайгашкан жери

Факультет же бөлүмү

Тапшырган жылы

Аяктаган жылы

Алган дипломуна ылайык адистиги

Курстарда окугандыгы

Семинардын темасы

Семинардын уюштуруучусу

Өткөн жери

Өткөн датасы

Сертификатынын болушу

4. Эмгек иши башталгандан тартып аткарылган жумушу:

Жалпы эмгек стажы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ анын ичинде финансы же экономика чөйрөсүндө \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жумушка кирген күнү

Кеткен күнү

Ээлеген кызмат орду

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери

Жумуштан кетүүнүн себеби

5. Сиз кызматкери же мүчөсү болгон бардык башка уюмдарды, бирикмелерди, ассоциацияларды, юридикалык жактардын мекемелерин көрсөтүңүз.

Уюмдун аталышы

Уюмдун жайгашкан жери

Ээлеген кызмат орду

6. Ломбарддын кызматкерлери менен болгон туугандык байланыштарды, ломбардды контролдоочу жактар же компаниялар менен байланышты, баардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

1. Сизде иштин ушул түрүн алып барууга тыюу салуучу соттун чечими барбы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (бар же жок)

2. Банкроттук процессте турган же банкроттукка байланыштуу өз ишин токтоткон банкка же башка финансы-кредиттик мекемелерге тиешеңиз барбы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (эгер болсо, анда банктын же финансы-кредиттик мекеменин аталышын, сиз ээлеген кызмат ордун көрсөтүңүз) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Мен, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_, (аты-жөнү) жогоруда берилген маалыматтар анык жана толук экендигин ырастайм жана мындан ары ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анда болгон баардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдарды берүүгө милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана каталарга жол берилген болсо, бул ломбард ишин жүргүзүүгө лицензия алуудан баш тартууга негиз болушу, ошондой эле мага жана ломбардга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санкцияларды андан ары колдонууга алып келиши мүмкүн экендигин тааныйм. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу)".
