Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында актуарийлердин ишинин маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров от 9 октября 2025 года № 650 "Об утверждении квалификационных требований к участникам страхового рынка и временной администрации по управлению страховыми (перестраховочными) организациями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-10-09.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-июну № 321 Кыргыз Республикасында актуарийлердин ишинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)
Актуарийлердин ишин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Жээнбеков
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 321 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында актуардык ишти жүргүзүүгө коюлуучу негизги талаптарды белгилейт.
2. Актуардык иш "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
актуардык иш - тобокелдиктерди жана (же) тобокелдиктер менен шартталган финансылык милдеттенмелерди талдоо жана сандык, финансылык баалоо боюнча, ошондой эле финансылык тобокелдиктерди башкаруу методдорун иштеп чыгуу жана натыйжалуулугун баалоо боюнча иш; актуардык корутунду - уюмдардын финансылык милдеттенмелеринин көлөмү, аларды аткаруу мүмкүндүгү же белгилүү финансылык көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүндүгү жөнүндө негизделген тыянактарды камтуучу актуардык баалоонун жыйынтыктары боюнча даярдалган документ жана ал баа берилүүчү уюм тарабынан пайдаланууга арналат; актуардык эсептөөлөр - математикалык жана статистикалык методдорду пайдалануу менен камсыздандыруунун тарифтик ставкаларынын эсептөөлөрү; актуардык баалоо - тобокелдиктерди жана (же) тобокелдиктер менен шартталган финансылык милдеттенмелерди талдоо жана сандык, финансылык баалоо боюнча актуардык иштин түрү, анын жыйынтыгында актуардык корутунду берилет; баа берилүүчү уюм - актуардык кызмат көрсөтүүгө келишим түзгөн юридикалык жак; ыйгарым укуктуу орган - финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
2. Актуарийлерге коюлуучу квалификациялык талаптар
4. Төмөнкү талаптарга жооп берген жактар актуарий боло алат:
- актуардык ишти жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензиясы болууга тийиш;
- Кыргыз Республикасында таанылган экономикалык, математикалык же техникалык жогорку билимге ээ болгон;
- кылмыш кылгандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу болбошу керек.
3. Актуардык ишти жүргүзүүгө коюлуучу талаптар
5. Актуардык кызматтар баа берилүүчү уюм менен актуарийдин ортосунда жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде жана ага ылайык көрсөтүлөт.
6. Актуардык эсептөөлөр, талдоо жана баа берүү төмөнкү принциптерге негизделет:
1) толуктук;
2) объективдүүлүк;
3) айкындуулук;
4) көз карандысыздык;
5) негиздүүлүк.
7. Актуардык корутунду төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) актуарий жөнүндө маалыматты;
2) баа берилүүчү уюм жөнүндө маалыматты;
3) актуардык корутундунун түзүлгөн күнүн;
4) актуардык баалоо кайсыл күнгө карата түзүлгөндүгү тууралуу маалыматты;
5) баа берилүүчү уюм көрсөткөн маалыматтардын тизмесин;
6) актуардык корутундуда камтылган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгүн текшерүүгө жол берген актуардык эсептөөлөрдү жүргүзүү методикасынын сүрөттөмөсүн;
7) актуардык корутундуда камтылган тыянактарды негиздөө үчүн актуардык баалоодо колдонулган математикалык моделдерди жана статистикалык маалыматты;
8) актуардык баалоо жөнүндө келишимде актуарийге коюлган маселеге жоопту, актуардык корутундудагы тыянактарды негиздөө үчүн керектүү актуардык эсептөөлөрдүн натыйжаларын;
9) аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тыянактар жана сунуштар.
8. Актуардык баалоонун натыйжасында актуарий тарабынан эсептөөдө колдонулган божомолдорду жана жорууларды чагылдырган актуардык корутунду чыгарылат.
9. Актуардык корутунду ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз түрүндө 2 (эки) нускада таризделет жана актуарий тарабынан кол коюлат.
Актуардык корутундунун бир нускасы актуарийде, экинчи нускасы баа берилүүчү уюмда сакталат.
4. Актуарийдин укуктары жана милдеттери
10. Актуарий төмөнкүлөргө укуктуу:
- актуардык эсептөөлөрдүн методун өз алдынча аныктоого;
- баа берилүүчү уюмдан документтерди сурап алууга, оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө алууга, ошондой эле актуардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча маалыматтарды алууга;
- пайдалануу (изилдөө) актуардык эсептөөлөр үчүн зарыл болгон баа берилүүчү уюмдун финансылык отчеттору жана башка документтери менен таанышууга;
- актуардык корутундуну даярдоо үчүн керектүү маселелер боюнча маалыматтарды жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талап менен расмий түрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга кайрылууга.
11. Актуарий төмөнкүлөргө милдеттүү:
- актуардык кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө алган документтердин сактыгын камсыз кылууга;
- актуардык кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө баа берилүүчү уюмдан алган купуя маалыматты, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, жарыялабоого;
- актуардык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө тиешелүү келишимди түзүү үчүн негиз болуучу документтерди баа берилүүчү уюмга көрсөтүүгө, актуардык корутундуну түзүүгө жана/же ушул Жободо каралган башка кызмат көрсөтүүгө;
- керектүү актуардык эсептөөлөрдүн жыйынтыктарын, пайдаланган методикалардын жана актуардык божомолдордун, тиешелүү негиздөөчү маалыматтардын сүрөттөмөсүн тиркөө менен актуардык корутундуну түзүүгө;
- түзүлгөн келишимдерди (макулдашууларды), түзүлүүчү актуардык корутундуларды жана өзүнүн иши туурасында башка маалыматтарды өз убагында жана толук эсепке алууга;
- ар жарым жылдын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга актуардык корутундулардын саны жана түрү жөнүндө маалыматты берүүгө;
- актуардык ишке байланыштуу бардык документтерди беш жылдан кем эмес аралыкта сактоого;
- коммерциялык сырды жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырды сактоого.
5. Корутунду жоболор
12. Актуарийлердин ишин контролдоону ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
13. Актуарийлер ушул Жобонун талаптарын сактоо, ошондой эле алар жасаган актуардык эсептөөлөрдүн жана корутундулардын туура жана так болушу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө жобого тиркеме
Форма Актуардык корутунду
1. Камсыздандыруу уюму жөнүндө маалымат:
1) Толук аталышы:
________________________________________________________________________________
2) Жайгашкан жери жана банктык реквизиттер:
________________________________________________________________________________
3) Юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу (кайрадан каттоосу) жөнүндө күбөлүгү же маалымкаты:
________________________________________________________________________________ (номери жана берилген күнү)
4) Камсыздандыруу ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы:
________________________________________________________________________________ (номери жана берилген күнү)
2. Актуарий жөнүндө маалымат:
1) Аты-жөнү:
________________________________________________________________________________
2) Жашаган жери (жайгашкан жери):
________________________________________________________________________________
3) Камсыздандыруу рыногунда актуардык ишти жүргүзүүгө лицензиясы:
________________________________________________________________________________ (номери жана берилген күнү)
3. Актуардык корутундунун түрү:
________________________________________________________________________________
4. Актуардык эсептөөлөрдү даярдоонун негизи:
________________________________________________________________________________ (келишим, номери жана келишим түзүлгөн күнү)
5. Актуардык изилдөөнүн предмети (белгиленген тапшырмалардын тизмеси)
________________________________________________________________________________
6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму берген документтердин (маалыматтардын) тизмеси
________________________________________________________________________________
7. Актуарий колдонгон башка материалдар жана маалыматтар (алардын булактары жана/же алынган жери)
________________________________________________________________________________
8. Актуарий колдонгон эсептөөлөрдүн методикасы
________________________________________________________________________________
9. Алынган натыйжалар жана тыянактар
________________________________________________________________________________
10. Сунуштар (эгер бар болсо)
________________________________________________________________________________
11. Актуардык корутундуну даярдоо мөөнөтү жана түзүлгөн жери
________________________________________________________________________________
12. Колу, күнү жана нускамалардын саны
________________________________________________________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябры № 650 "Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу…Постановление · 09.10.2025 · № 650
- Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомуна ылайык) убактылуу…Временное положение · 12.12.2016 · № 661 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 09.10.2025-жылдын № 650 токтомуПостановление · 09.10.2025 · № 650
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябры № 650 "Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу…Постановление · 09.10.2025 · № 650
- Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөЗакон · 23.07.1998 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 "Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү…Постановление · 12.12.2016 · № 661 · Күчүн жоготкон