Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 „Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 июля 2020 года № 385 "Об утверждении Инструкции о порядке начисления и уплаты страховых взносов по государственному социальному страхованию"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-07-17.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-декабры № 828 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманын:
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдары, чет өлкөдөгү мекемелери, чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардын алдындагы дипломатиялык кызмат органдарынын системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн 25,25 пайыз өлчөмүндө төлөшөт, анын ичинде:
а) иш берүүчүлөр - тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узакка созулган командировкага жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин, чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мекемелерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен жалдоого алынган, ошондой эле чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардын алдындагы дипломатиялык кызмат органдарынын системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн башка кызматкерлеринин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 15,25 пайыз өлчөмүндө, анын ичинде:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
- иш берүүчүлөр - чет өлкөлүк жарандардын жана Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн же башка мамлекетте жашаган, бирок Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жак менен эмгектик мамиледе болгон жарандыгы жок адамдардын - кызматкерлердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз өлчөмүндө.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан барган мамлекетте жалданган чет өлкөлүк жарандардын пайдасына эсептелген төлөмдөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акысынан улуттук валютада аныкталат;
б) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлери жана тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узакка созулган командировкага жиберилген чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери, чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мекемелерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен жалдоого алынган, ошондой эле чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардын алдындагы дипломатиялык кызмат органдарынын системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн башка кызматкерлери каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын:
- 1964-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн аялдар - 10 пайыз өлчөмүндө, анын ичинен:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондго - 2 пайыз;
- 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдар - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
- пенсионерлер - каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;
- I жана II топтогу майыптар (Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптарынан жана ага теңештирилген адамдардан сырткары) - каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын:
"8-1. Чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардын алдындагы дипломатиялык кызмат органдарынын системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен сырткары, дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин, тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узакка созулган командировкага жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин, чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мекемелерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен жалдоого алынган башка кызматкерлеринин социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан борборлоштурулган тартипте өздөрүнүн катталган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук башкармалыгында ишке ашырылат. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин улуттук валютадагы эмгек акысынан, ал эми чет өлкөдөгү мекемелердин башчылары үчүн - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басарынын эмгек акысынан аныкталат. Чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардын алдындагы дипломатиялык кызмат органдарынын системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрү анын алдында өкүлчүлүк түзүлгөн мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук башкармалыгында ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин жана тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узакка созулган командировкага жиберилген чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерин, чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мекемелерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен жалдоого алынган, ошондой эле чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардын алдындагы дипломатиялык кызмат органдарынын системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн башка кызматкерлерин медициналык камсыздандыруу барган өлкөсүндө республикалык бюджеттин каражаттарынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлери жана тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узакка созулган командировкага жиберилген чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери, чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мекемелерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен жалдоого алынган, ошондой эле чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардын алдындагы дипломатиялык кызмат органдарынын системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн башка кызматкерлери каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жеке индентификациялык номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкаттын негизинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда персонификациялык эсепке алынууга тийиш.";
- 36-пунктунун биринчи абзацындагы "акыдан 10 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөр "акынын 10 пайыздан кем эмес өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-ноябрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерин социалдык камсыздандыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 744 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерин социалдык камсыздандыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-ноябрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү…Постановление · 22.05.2013 · № 278 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 ноября 1998 года №735 "Об утверждении Положения о порядке социального страхования работников загранучреждений Министерства иностранных дел…Постановление · 12.11.1998 · № 735 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке социального страхования работников загранучреждений Министерства иностранных дел Кыргызской Республики (Утверждено Постановлением Правительства КР от 12…Положение · 12.11.1998 · № 735 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтомуПостановление · 10.11.2006 · № 785 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 744 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерин социалдык…Постановление · 23.10.2006 · № 744 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү…Постановление · 17.07.2020 · № 385
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү…Постановление · 22.05.2013 · № 278 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 ноября 1998 года №735 "Об утверждении Положения о порядке социального страхования работников загранучреждений Министерства иностранных дел…Постановление · 12.11.1998 · № 735 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтомуПостановление · 10.11.2006 · № 785 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 744 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерин социалдык…Постановление · 23.10.2006 · № 744 · Күчүн жоготкон