# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 "Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоо, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 "Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоо, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 805
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11619>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1906/edition/858807/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11619.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 "Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоо, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (13.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11619

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-декабры № 805 Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоо, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоо, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоо жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-ноябрындагы № 836 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 260 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын өзгөртүп уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-январындагы № 22 "Ош мамлекеттик юридикалык институтун калыптандыруу жана андан ары өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы № 190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-октябрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
