# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 813
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11615>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1904/edition/902884/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11615.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 813 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11615

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-декабры № 813 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жер үстүндөгү сууларды коргоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежесинде:

- 3-пунктундагы "жана экологиялык бакубатчылыкты" деген сөздөр ", калктын экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:

"- туризм, спорт жана калк массалык түрдө эс алуучу жерлерге өнөр жайлык, айыл чарбалык, шаардын агынды сууларын агызууга;

- табигый дарылык ресурстарды камтыган суу объекттерине өнөр жайлык, айыл чарбалык, шаардын агынды сууларын агызууга, ошондой эле нөшөрдөн чогулган агынды сууларды агызууга;

- чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылуу булактарынын санитардык коргоо зонасынын экинчи алкагынын чегинде агынды сууларды агызууга, эгерде аларда булгоочу заттардын жана микроорганизмдердин болушу ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген гигиеналык ченемдерден ашып кетсе.";

- 37-пунктунун экинчи абзацындагы "коомдук саламаттыкты сактоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 43-1-пункт менен толукталсын:

"43-1. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маданий-тиричиликтин суу пайдалануу суу объекттеринин суусунун сапатына сууга түшүү сезону башталганга чейин кеминде эки жолу жана сууга түшүү сезонунун учурунда айына кеминде эки жолу лабораториялык контролдоо жүргүзөт."; 1-тиркемеде:

- 12-пунктундагы "Ооруларды" деген сөз "Жугуштуу ичеги-карын ооруларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

13

Жалпы колиформдук бактериялар, ашуун эмес

1000 КОЕ/100 мл

500 КОЕ/100 мл

\-

\-

";

- төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:

"

13-1

Жылуулукка туруктуу колиформдук бактериялар, ашуун эмес:

100 КОЕ/100 мл

100 КОЕ/100 мл

\-

\-

";

- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

14

Колифагдар (бляшка түзүүчү бирдикте), ашуун эмес:

10 БОЕ/100 мл

10 БОЕ/100 мл

\-

\-

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
