# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн апостилдештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн апостилдештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 674
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11600>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1889/edition/856093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн апостилдештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (17.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11600

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 17-октябры № 674 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн апостилдештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Апостиль коюунун мөөнөтү жана ага төлөнүүчү жыйымдын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:

- 2 иш күндүн ичинде - 940 сом;

апостилди шашылыш түрдө коюу: -1 иш күндүн ичинде - 1880 сом;

- 3 сааттын ичинде - 2820 сом".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 "Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Документтерди апостилдештирүү мөөнөтү документтер берилген күндөн тартып 2 иш күндөн ашпоого тийиш.".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
