# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 847
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11596>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1886/edition/954019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11596.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11596

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-декабры № 847 Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307, 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:

- 2.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул ар бир алуучуга бир жылдык мөөнөткө таризделген тапшырмалар боюнча төлөнөт.";

- 2.2-пунктундагы "транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "почталык байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5.1.1-пунктунун биринчи абзацындагы биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5.1.1. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери мамлекеттик пособиелерди чектөө жөнүндө протоколдордун негизинде пособие алуучулардын бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку пособие, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү пособие (мындан ары - АББП) жана ай сайын берилүүчү социалдык пособие (мындан ары - АБСП) үчүн берген документтери жөнүндө кабарлоолорду эки нускада ар бир айдын 10уна чейин даярдашат.";

- 5.1.3-пунктунун экинчи абзацы "АББП" деген сөздөн мурда "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку пособиени жана" деген сөздөр менен толукталсын.

5. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту).

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-январындагы № 26 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-октябрындагы № 708 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону жактыруу тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы № 19 "Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлерине апробация жүргүзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-июлундагы № 131 "Калктын аялуу катмарларын социалдык колдоону күчөтүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айдагы жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
