# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584 "Айрым өткөрүү пункттарынын иштеши боюнча маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584 "Айрым өткөрүү пункттарынын иштеши боюнча маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 584
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11594>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1884/edition/855364/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11594.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584 "Айрым өткөрүү пункттарынын иштеши боюнча маселелер жөнүндө" токтому (15.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11594

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-сентябры № 584 Айрым өткөрүү пункттарынын иштеши боюнча маселелер жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 74 токтомунун редакциясына ылайык).

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын тизмегинде:

- "Контролдоонун түрлөрү" графасынын "Бажылык", "Ветеринардык", "Фитосанитардык" жана "Баңгизаттарга каршы" позицияларынын 5-пунктундагы "+" деген белги "-" деген белги менен алмаштырылсын.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 74 токтомунун негизинде күчүн жоготту).

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 74 токтомунун негизинде күчүн жоготту).

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка кабыл алынган чечим жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча кабарласын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
