# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 773
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11585>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1877/edition/1228821/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11585.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11585

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-ноябры № 773 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартибинде:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Юридикалык жана жеке жактардын менчиги болуп саналган инженердик тармактарды адистештирилген уюмдун балансына акысыз өткөрүп берүү мүлктүн жеке менчик ээси тарабынан негизги объектти эксплуатациялоого киргизүү боюнча белгиленген тартипте берилген жана катталган актынын негизинде жүргүзүлөт. Мүлктүн жеке менчик ээсинин жана адистештирилген уюмдун ыйгарым укуктуу жактары инженердик тармактарга техникалык инвентаризация жүргүзөт жана инвентаризациялоо актысын түзөт. Ыйгарым укуктуу жактардын иштеринин жыйынтыктары боюнча жана инвентаризациялоо материалдарынын негизинде ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт. Кабыл алуу-өткөрүү актысы эки нускада түзүлөт жана төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:

- биринчи нускасы - адистештирилген уюмга;

- экинчи нускасы - инженердик тармактарды өткөрүп берүүчү уюмга.";

- 5-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү "комиссиянын курамына" деген сөздөр алып салынсын, "киргизилет" деген сөз "кирген комиссия түзүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-1-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү "комиссиянын курамына" деген сөздөр алып салынсын, "киргизилет" деген сөз "кирген комиссия түзүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктунун экинчи абзацындагы "тиркемесине" деген сөз "2-тиркемесине" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Тартиптин тиркемесиндеги "тартибине тиркеме" деген сөздөр "тартибине 2-тиркеме" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

- Тартип ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 1-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков

Тиркеме

"Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартибине 1-тиркеме

Форма Инженердик тармактарды кабыл алуу-өткөрүү АКТЫСЫ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (объекттин аталышы, жайгашкан жери) 20\_\_-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ негизинде, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жеке менчигине өткөрүлүп берилүүчү мүлктүк комплекске кирген инженердик тармактарга инвентаризациялоо жүргүзүлдү. Кабыл алуу (өткөрүү) учурунда инвентаризациялоо актысына ылайык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ негизги каражаттардын наркы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сомду түздү. Инженердик тармактардын алгачкы наркы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом. Инженердик тармактардын эскирүүсүнүн суммасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом. Инженердик тармактардын калдык суммасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом. Техникалык абалын эске алуу менен инженердик тармактардын кыскача мүнөздөмөсү:

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ж.б.

Корутунду: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Тиркемелер:

1. Инвентаризациялоо актысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ барак.

2. Техникалык документтер \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ бирдик.

3. Чиймелер, схемалар ж.б.

3.1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3.2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3.3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(аталышы жана барактардын саны)

Мүлктүн жеке менчик ээси

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

Адистештирилген уюмдун жетекчиси

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

Мүлктүн жеке менчик ээсинин ыйгарым укуктуу жагы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

Адистештирилген уюмдун ыйгарым укуктуу жагы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

Өткөрүп берген:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(кызмат орду, колу, аты-жөнү)

Кабыл алган:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(кызмат орду, колу, аты-жөнү)".
