# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 772
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1874/edition/1053418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (10.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11581

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-ноябры № 772 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жободо:

- 7-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

"- мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагындагы долбоорлордон тышкары эл аралык гранттык жана техникалык жардамды тартуу жана пайдалануу маселелерин белгиленген тартипте жалпы координациялайт;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
