# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын жайгаштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын жайгаштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 551
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11579>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1872/edition/872896/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11579.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын жайгаштыруу жөнүндө" токтому (07.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11579

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-сентябры № 551 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын жайгаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишине зарыл шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименталдык медицина эл аралык академиясы ээлеген Бишкек ш., Чүй пр., 122 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имараттын 1-3-кабатындагы жайларга, ошондой эле жер төлө кабатынын жайларына жайгаштырсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименталдык медицина эл аралык академиясына башка имараттардан жай берүү мүмкүнчүлүгүн тапсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы № 465 "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
