Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын жайгаштыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-сентябры № 551 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын жайгаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишине зарыл шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименталдык медицина эл аралык академиясы ээлеген Бишкек ш., Чүй пр., 122 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имараттын 1-3-кабатындагы жайларга, ошондой эле жер төлө кабатынын жайларына жайгаштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименталдык медицина эл аралык академиясына башка имараттардан жай берүү мүмкүнчүлүгүн тапсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы № 465 "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы №465 "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр…Постановление · 12.08.2011 · № 465 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 12-августундагы №465 "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр…Постановление · 12.08.2011 · № 465 · Күчүн жоготкон