# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-ноябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-ноябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 756
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11575>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1868/edition/854506/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11575.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-ноябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (20.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11575

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-ноябры № 756 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

С. Исаков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Жогорку cоту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2003-жылдын 25-июлу, № 55-56) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 13-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "3 судьядан" деген сөздөр "процесстик мыйзамдар менен аныкталуучу сандагы судьялардан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 14-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14-берене. Жогорку соттун ыйгарым укуктары Жогорку сот кассациялык инстанциядагы сот болуп саналат жана төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) кассациялык тартипте сот актыларын кайра кароону;

2) жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону;

3) сот практикасына, сот статистикасына талдоону;

4) Конституциялык палатанын карамагына берилген ыйгарым укуктарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды.";

3) 15-беренесинин 5-бөлүгү "соттору" деген сөздөн кийин "жана судьялары" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 17-беренесинин 4-бөлүгүндө:

1-пунктундагы "көзөмөл тартибинде" деген сөздөр "кассациялык тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пункту "жаңы ачылган жагдайлар боюнча" деген сөздөрдөн кийин "же жаңы жагдайлар боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 18-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Көзөмөл иретинде" деген сөздөр "Кассациялык тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6) 28-беренесинде:

1-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 2-пункту "жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча" деген сөздөрдөн кийин "же жаңы жагдайлар боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

7) 30-беренесинин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Экинчи инстанциядагы соттук коллегия биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра карайт.";

8) 35-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту "жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча" деген сөздөрдөн кийин "же жаңы жагдайлар боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

9) 37-беренесинде:

4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын. 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга күчүнө кириши үчүн өзгөчө тартип белгиленген жоболору кирбейт. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2, 4, 5, 6, 7 жана 8-пункттарынын жоболору 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси күчүнө киргенге чейин 1999-жылдын 30-июнундагы № 62 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун иштерине жайылтылбайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти
