# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 625 "2017-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 625 "2017-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 625
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11572>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1865/edition/1145936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11572.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 625 "2017-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому (29.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11572

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 29-сентябры № 625 2017-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын газ тармагынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана аны жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому (макулдашуу боюнча) менен бирдикте үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын газ тармагынын ишканаларында жаратылыш газынын жоготууларынын ченемин эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С. Исаков

Тиркеме 2017-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ЧЕНЕМДЕРИ

№

Жоготуулардын аталышы

2017-жыл

1

Жаратылыш газынын газ түтүктөрүндөгү жоготуулары

32,3 млн. м3

10,1%

Эскертүү. Млн. м3 - газ түтүгүндөгү жаратылыш газынын көлөмүн ченөө бирдиги; % - газ түтүгүндөгү жаратылыш газынын жоготууларынын пайызы.
