Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-декабрындагы № 862 „Өнөр жай менчик объектисине, салттуу билимдерге мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-октябры № 715 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-декабрындагы № 862 "Өнөр жай менчик объектисине, салттуу билимдерге мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Патент мыйзамы", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-декабрындагы № 862 "Өнөр жай менчик объектисине, салттуу билимдерге мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышы жана 1-пункту "билимдерге" деген сөздөн кийин ", селекциялык жетишкендиктерге" деген сөздөр менен толукталсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өнөр жай менчик объектисине, салттуу билимдерге мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы "билимдерге" деген сөздөн кийин ", селекциялык жетишкендиктерге" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо "Патент мыйзамы", "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана ойлоп табууну, пайдалуу моделди (мындан ары - өнөр жай менчик объектиси), салттуу билимди жана селекциялык жетишкендикти пайдаланууга мажбурлоо лицензиясын берүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.";
- 2-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патент. патент (мындан ары - патент), күбөлүк менен корголуучу өнөр жай менчик объектисин. салттуу билимди, селекциялык жетишкендикти патент ээсинин уруксатысыз, күбөлүк ээсинин уруксатысыз пайдаланууга төмөнкү шарттардын бири болгондо жол берилет:"; "а)" пунктчасы "билим" деген сөздөн кийин ", өлкөнүн айыл чарбасы үчүн маанилүү селекциялык жетишкендик" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункту "билимди" деген сөздөн кийин ", селекциялык жетишкендикти" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Доо арыз берген жак укук ээси тарабынан өнөр жай менчик объектин, салттуу билимди, селекциялык жетишкендикти пайдаланбагандыгынын же жетишсиз пайдалангандыгынын натыйжасында Кыргыз Республикасында тиешелүү товарлар менен кызмат көрсөтүүгө реалдуу керектөөнү тастыктаган маалыматтарды, ошондой эле коммерциялык практикада белгиленген тиешелүү шартта белгиленген мезгилде укук ээси менен лицензиялык келишим түзүүгө аракеттенгендиги жана бул аракеттер четтетилгендиги тууралуу маалыматтарды бериши керек."; үчүнчү абзацы "салттуу билимдин" деген сөздөрдөн кийин ", селекциялык жетишкендиктин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункттун "а)" пунктчасы "билимдин" деген сөздөн кийин ", селекциялык жетишкендиктин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Калыптанып калган практикага ылайык шарттарда лицензиялык келишим түзүүдөн баш тарткан патент ээси бул учурда ойлоп табууга же өнөр жай менчик объектине башка патент ээсинин укугун бузбастан, ойлоп табууну пайдалана албаса, патенти башка адамга тиешелүү болгон ойлоп табууга же өнөр жай менчик объектине карата анын ойлоп табуусу экономикалык жактан маанилүү болгон техникалык жетишкендикти билдирген шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдаланууга ага мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу."; экинчи абзацындагы "коргоо документи" деген сөздөр "патент" деген сөз менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мажбурлоо лицензиясы дайыма өзгөчө эмес лицензия болуп саналат, ал башка жакка кайра ыйгарылып берилбейт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- Положение об условиях и порядке предоставления принудительной лицензии на объект промышленной собственности и ее использовании (утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 24.12.1998 · № 862
- Постановление Правительства КР от 24 декабря 1998 года N 862 " Об утверждении Положения об условиях и порядке предоставления принудительной лицензии на объект промышленной…Постановление · 24.12.1998 · № 862
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 24 декабря 1998 года N 862 " Об утверждении Положения об условиях и порядке предоставления принудительной лицензии на объект промышленной…Постановление · 24.12.1998 · № 862
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салттуу билимдерди коргоо жөнүндөЗакон · 31.07.2007 · № 116
- Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндөЗакон · 13.06.1998 · № 79
- Патент мыйзамыЗакон · 14.01.1998 · № 8 · Күчүн жоготкон