# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-декабрындагы № 786 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-декабрындагы № 786 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 786
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11564>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1857/edition/1257357/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11564.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-декабрындагы № 786 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11564

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 4-декабры № 786 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

С. Исаков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 27-февралы, № 15) колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мөөнөткө чейин узартылсын. 2-берене. Ушул Мыйзам 2017-жылдын 31-декабрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
