# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 820 "Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)" боюнча Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 820 "Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)" боюнча Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 820
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11547>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1841/edition/853242/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11547.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 820 "Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)" боюнча Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (18.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11547

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-декабры № 820 "Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)" боюнча Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)" боюнча Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)" боюнча Гранттык макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

С. Исаков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)" боюнча Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө 1-берене. Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)" боюнча Гранттык макулдашуулар ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
