# 9-статья. Маалымат берүү боюнча тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана берилген маалыматка карата ыйгарым укуктуу органдардын милдеттери

- Документ: [Экспорттук контроль жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1154)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 23-январындагы № 30 "Экспорттук контроль жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"](https://aqlex.ai/kg/doc/112510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154#diff=1281667..1281668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1101/edition/1281663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1154/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экспорттук контроль жөнүндө, 9-статья (15.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-9

---

Тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары: Контролго алынуучу продукция менен жасалуучу тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүүгө жана ыйгарым укуктуу органдардын талабы боюнча ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экспорттук контролго карата башка ченемдик укуктук актыларында каралган иш-милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү жана башка маалыматтарды берүүгө милдеттүү; экспорттук контролдун максаттары үчүн ыйгарым укуктуу органдарга берилүүчү маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот. Тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары берген маалымат ыйгарым укуктуу органдар тарабынан экспорттук контроль үчүн гана пайдаланылат. Мамлекеттик, коммерциялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан корголуучу башка сырларды түзүүчү маалыматты, ошондой эле жашырын маалыматты ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары ачыкка чыгарбоого жана жеке максаттарда пайдаланбоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, үчүнчү жактарга бербөөгө тийиш. Баарын камтуучу контроль: тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларына, эгерде бул продукция жана интеллектуалдык иш-аракеттин, иштин, кызмат көрсөтүүнүн натыйжалары чет элдик мамлекеттер же чет элдик юридикалык жактар, жеке жактар тарабынан жалпыга кыргын салуучу куралдарды жана аны жеткирүү каражаттарын түзүү, өндүрүү же пайдалануу максатында же террористтик актыларды даярдоо жана (же) жасоо үчүн пайдалана тургандыгы белгилүү болгон учурда, товарлар, технологиялар, программалык камсыз кылуу, интеллектуалдык иш-аракеттин натыйжалары, иштер, кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүүгө же аларга кандай гана түрдө болбосун катышууга тыюу салынат; тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары ушул Мыйзамдын 6-статьясынын колдонулушуна туш болбогон товарлар, технологиялар, программалык камсыз кылуу, интеллектуалдык иш-аракеттин натыйжалары, иштер, кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдын лицензиясын жана (же) уруксатын төмөнкү белгиленген тартипте алууга милдеттүү:

- тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары ыйгарым укуктуу орган же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы тарабынан ушул продукция жана интеллектуалдык иш-аракеттин натыйжалары жалпыга кыргын салуучу куралдарды жана (же) аны жеткирүү каражаттарын түзүү максаттарында пайдаланыла тургандыгы жөнүндө маалымдалса;

- тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары ушул продукция жана интеллектуалдык иш-аракеттин натыйжалары жалпыга кыргын салуучу куралдарды жана (же) аны жеткирүү каражаттарын түзүү максаттарында пайдаланылышы мүмкүн экендигин баамдаса.

(КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 51, 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-10)
