# 8-статья. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик башкаруу органдарынын экспорттук контроль жаатындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Экспорттук контроль жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1154)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 23-январындагы № 30 "Экспорттук контроль жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"](https://aqlex.ai/kg/doc/112510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"](https://aqlex.ai/kg/doc/112510); 24.04.2019 [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об экспортном контроле", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111898); 05.10.2011 [Закон КР от 5 октября 2011 года № 161 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203401); 28.04.2008 [Закон КР от 28 апреля 2008 года № 73 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202284)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154#diff=1281667..1281668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1101/edition/1281663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1154/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экспорттук контроль жөнүндө, 8-статья (15.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-8

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети: экспорттук контроль жаатында, анын ичинде экспорттук контролдун эл аралык режимдерине карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууну уюштурат; ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка ченемдик укуктук актыларына ылайык контролго алынуучу продукцияларга карата тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана эсепке алуу тартибин аныктайт; өз компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана эл аралык, өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат жана алардын жүзөгө ашырылышына контролдук кылат; экспорттук контроль жана санкцияланган транзитти жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын иш-аракеттерин аныктайт жана аларга жетекчилик кылат; контролго алынуучу продукциясынын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук Тизмегин, Аскердик багыттагы продукцияга карата иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана бул продукцияларды экспорттоого тыюу салынган же чектелген өлкөлөрдүн тизмесин бекитет, ошондой эле контролго алынуучу продукцияны экспорттоонун, импорттоонун жана реэкспорттоонун санын чектөөнү белгилейт; контролго алынуучу продукцияга идентификация жүргүзүү тартибин белгилейт; аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзөт, комиссиянын жобосун жана курамын бекитет; импорттолгон (экспорттолгон) контролго алынуучу продукцияларды пайдалануу боюнча милдеттенмелердин аткарылышына билдирилген максаттарда мамлекеттик контролду уюштуруу тартибин белгилейт; өзүнүн компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. Мамлекеттик башкаруу органдары: ушул Мыйзамдын, экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат; Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин, аны жаңылоо, контролго алынуучу продукциянын экспортуна, импортуна жана реэкспортуна, ошондой эле бул продукциянын экспортуна тыюу же чектөө салынган Өлкөлөрдүн тизмеси боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет; контролго алынуучу продукцияга идентификация жүргүзүү тартибин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет; контролго алынуучу продукциянын транзитине корутунду даярдайт, текшерүү жүргүзүп, ага уруксат берет, ошондой эле контролго алынуучу продукция Кыргыз Республикасынын аймагынан жүктөп жөнөтүлүп жаткан учурда текшерүүнү жүзөгө ашырат; контролго алынуучу продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз орун которуштуруусун жана мамлекеттик чек арасы аркылуу алынып өтүшүн токтотот; тышкы экономикалык ишке катышуучулардан, кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык, мурда жасалган бүтүмдөр боюнча алынган контролго алынуучу продукциянын пайдаланылышы тууралу маалыматты сурап алат; эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана мамлекеттик эмес уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле экспорттук контроль жаатында Кыргыз Республикасынын коомдук уюмдары менен чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө жана маалымат алмашуусуна көмөк көрсөтөт; өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иштин катышуучуларына көзөмөл жана текшерүү жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; өз компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатында башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат. (КР 2008-жылдын 28-апрелиндеги № 73, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 161 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 51, 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-9)
