7-статья. Экспорттук контролду жүзөгө ашыруу усулдары
Күчүндө · 15.02.2023 редакциясы · 1-Глава
Кыргыз Республикасында экспорттук контроль тышкы экономикалык иш-аракеттерди укуктук жөнгө салуу аркылуу жүзөгө ашырылат жана ал төмөнкүлөрдү камтыйт: тышкы экономикалык операциялардын объекттери болуп эсептелген конкреттүү продукция түрлөрүнүн чийки заттардын жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, аскердик багыттагы продукциянын, кош багыттагы продукциялардын жана интеллектуалдык иш-аракеттердин натыйжаларынын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген продукция түрлөрүнө туура келүүсүн (идентификациясын) аныктоо; лицензиялоону же аны мамлекеттик жөнгө салуунун башка түрүн белгилеген контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык операцияларды жүзөгө ашыруунун уруксат берүүчү тартиби; контролдонуучу продукцияны экспорттоодо, импорттоодо, реэкспорттоодо жана транзиттөөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы операцияларын жүргүзүү; контролго алынуучу продукция менен жасалуучу тышкы экономикалык операцияларга валюта контролун жүргүзүү, анын ичинде ыйгарым укуктуу банктардын эсебине валюталык акчанын өз учурунда жана толук түшүшүн валюталык контролдоо; ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен ченемдик укуктук актыларында белгиленген контролго алынуучу продукцияга карата тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруунун тартибин бузган же андай иштерди жасоого аракет кылган жактарга карата мамлекеттик мажбурлоо чараларын (санкцияларды) колдонуу; Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн жана коопсуздугун камсыздоо боюнча илимий жана өндүрүштүк иш-аракеттерди ишке ашыруучу ишканаларда жана мекемелерде фирма ичинде экспорттук контроль программасын түзүү; чет мамлекеттердин экспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен маалымат алмашуу жана башка өз ара аракеттенүү; Контролго алынуучу продукциянын жана товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесин эл аралык укуктун жана тажрыйбанын жалпыга таанылган ченемдерин эске алуу менен жаңылоо; Кыргыз Республикасына импорттолуучу контролго алынуучу продукцияны пайдаланууга карата мамлекеттик кепилдиктерди, анын ичинде акыркы пайдалануучунун сертификаты түрүндө берүү; баарын камтуучу контроль; (КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 51, 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об экспортном контроле", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1154/st-7" title="7-статья - Экспорттук контроль жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>