# 6-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмеси

- Документ: [Экспорттук контроль жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1154)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 23-январындагы № 30 "Экспорттук контроль жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"](https://aqlex.ai/kg/doc/112510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"](https://aqlex.ai/kg/doc/112510); 24.04.2019 [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об экспортном контроле", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111898)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154#diff=1281667..1281668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1101/edition/1281663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1154/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экспорттук контроль жөнүндө, 6-статья (15.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-6

---

Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмесин жаңылоо акыркы жаңыланган мезгилден тартып эки жылдын ичинде бир жолудан кем эмес жана экспорттук контролдун эл аралык режимдеринин контролдук тизмелериндеги өзгөрүүлөргө ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине кирген контролго алынуучу продукция менчигинин түрүнө, чыгарылган жерине жана аны өндүргөн мезгилине карабастан, экспорттук контролго алынууга жана идентификацияланууга тийиш. Идентификацияны жүргүзүү тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын милдети болуп саналат. Тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучусу контролго алынуучу продукцияны идентификациялоо боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте атайын уруксат алган уюмга тиешелүү келишим түзүү аркылуу контролго алынуучу продукцияга идентификация жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу. Бул учурда контролго алынуучу продукцияны идентификациялоонун натыйжаларынын тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти эксперттик уюм тартат. (КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 51, 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-7)
