5-статья. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын принциптери
Күчүндө · 15.02.2023 редакциясы · 1-Глава
Экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын бөлүгү болуп саналат жана жалаң гана мамлекеттин коопсуздугун анын саясий, экономикалык жана аскердик таламдарын камсыздоо максатында жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясаты төмөнкүдөй негизги принциптерге ылайык түзүлөт: экспорттук контроль маселелери боюнча маалыматтардын мыйзамдуулугу, айкындыгы жана жеткиликтүүлүгү, ошондой эле экспорттук контроль тутумунун иштөө тартиби, эрежелери, максаттары, милдеттери жана принциптери жөнүндөгү жана экспорттук контроль тууралу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары жөнүндөгү маалыматтар; экспорттук контролду жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарынын жана коопсуздугунун артыкчылыгын камсыз кылуу; массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын жайылтпоо жаатында, ошондой эле контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун, реэкспортун жана транзитин контролдоо жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруудагы ак ниеттүүлүк; контролго алынуучу продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагында жана мамлекеттик чек ара аркылуу ордун которуштурууга мамлекеттик контроль жүргүзүү; экспорттук контроль жаатында массалык кыйратуучу куралдарды жана аны жеткирүү каражаттарын жайылтуунун алдын алуу жана эл аралык коопсуздукту жана турукташууну чыңдоо максатында эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү; экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун жана усулдарын жалпы таанылган эл аралык ченемдерге жана тажрыйбага шайкештөө; экспорттук контролду анын максаттарына жетүүгө зарыл болгон өлчөмдө гана жүзөгө ашыруу; санариптештирүүнү жана электрондук башкарууну киргизүү жолу менен экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун жана ыкмаларын өркүндөтүү. (КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 51, 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об экспортном контроле", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
15.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…контролду анын максаттарына жетүүгө зарыл болгон өлчөмдө гана жүзөгө алынып салынды: ашыруу.
кошулду: ашыруу;
санариптештирүүнү жана электрондук башкарууну киргизүү жолу менен экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун жана ыкмаларын өркүндөтүү.
(КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги алынып салынды: N 51 Мыйзамынын кошулду: № 51, 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1154/st-5" title="5-статья - Экспорттук контроль жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>