# 2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуунун чөйрөсү

- Документ: [Экспорттук контроль жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1154)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 23-январындагы № 30 "Экспорттук контроль жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"](https://aqlex.ai/kg/doc/112510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"](https://aqlex.ai/kg/doc/112510); 24.04.2019 [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об экспортном контроле", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111898)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154#diff=1281667..1281668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1101/edition/1281663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1154/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экспорттук контроль жөнүндө, 2-статья (15.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-2

---

Ушул Мыйзам экспорттук контролду жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын мамилелерин жөнгө салат. Ушул Мыйзамдын аракети Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, анын ичинде эркин экономикалык зоналарда контролго алынуучу продукцияга карата тышкы экономикалык иш-аракеттерге жайылтылат. (Бөлүк КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Ушул Мыйзам мамлекеттик органдар жана уюмдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жасалган (түзүлгөн) аракеттер (макулдашуулар) массалык кыйратуучу куралды, аны жеткирүү каражаттарын, массалык кыйратуучу куралдарды түзүү технологияларын жана аларды жеткирүү каражаттарын жайылтууга, аскердик багыттагы продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө түрткү бере турган же Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтире турган учурларда да колдонулат. (КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 51, 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-3)
