# 15-1-статья. Экспорттук контроль жаатында ыйгарым укугун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу

- Документ: [Экспорттук контроль жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1154)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 23-январындагы № 30 "Экспорттук контроль жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-15-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1101/edition/1281663/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экспорттук контроль жөнүндө, 15-1-статья (15.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-15-1

---

Тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары экспорттук контроль жаатында ыйгарым укугун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын экспорттук контроль жаатында ыйгарым укугун жүзөгө ашырууда алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузган аракеттерин (аракетсиздигин), чечимдерин Кыргыз Республикасынын административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу. (КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-15)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-16)
