# 14-статья. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу

- Документ: [Экспорттук контроль жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1154)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 23-январындагы № 30 "Экспорттук контроль жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об экспортном контроле", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111898)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.04.2019 [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об экспортном контроле", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111898); 05.10.2011 [Закон КР от 5 октября 2011 года № 161 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203401)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154#diff=1281666..1281667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1101/edition/1281663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1154/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экспорттук контроль жөнүндө, 14-статья (15.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-14

---

Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп төмөнкүлөр саналат: контролго алынуучу продукцияны экспорттоо, импорттоо, реэкспорттоо боюнча санкцияланбаган тышкы экономикалык бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити жана тиешелүү уруксаты жок кызмат көрсөтүү; контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык операцияны жүзөгө ашырууда мамлекеттик башкаруу органдарына жасалма документтерди же жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүү; ыйгарым укуктуу органдардын жазма буйруктарын аткарбагандык же толук аткарбагандык; экспорттук контроль жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу; экспорттук контролдоо максатында ыйгарым укуктуу органдар сураган маалыматтарды берүүдөн негизсиз баш тартуу, аны атайы бурмалоо же жашыруу; контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн эсебин алуунун белгиленген тартибин бузуу; Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин талаптары менен туура келбеген иш-аракеттер менен алектенүү. (КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 161, 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-15)
