# 13-статья. Экспорттук контроль жаатындагы эл аралык кызматташтыктын максаттары жана формалары

- Документ: [Экспорттук контроль жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1154)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 23-январындагы № 30 "Экспорттук контроль жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1101/edition/1281663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1154/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экспорттук контроль жөнүндө, 13-статья (15.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-13

---

Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат: массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын, ошондой эле аларды жасоо боюнча технологияларды жайылтууну алдын алуу боюнча чет мамлекеттер менен аракеттерди шайкеш келтирүү жана өз ара аракеттешип иштөө; эл аралык мамилелердин турукташтыруу жана коопсуз тутумун түзүүгө жардам көрсөтүү; тең укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде Кыргыз Республикасынын экономикасын дүйнөлүк экономикага интеграциялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; контролго алынуучу продукциянын бардык түрлөрү менен эл аралык алмашууларга Кыргыз Республикасынын катышуусун күчөтүү жана тышкы экономикалык иш-аракеттерге катышуучулардын дүйнөлүк рынокко кирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү; экспорттук контролдун эл аралык жана мамлекет ичиндеги механизмдерин өркүндөтүү, экспорттук контроль жаатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу фактыларын, ошондой эле мындай бузууларга жол берген ишканаларды, уюмдарды жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучуларын аныктоо. Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жаатындагы эл аралык кызматташтыгы, анын экспорттук контролдун эл аралык режимдерине жана эл аралык форумдарына, ошондой эле чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү, консультацияларды өткөрүүгө, маалыматтар менен өз ара алмашууга жана биргелешкен программалар менен эки тараптуу жана көп тараптуу негизде экспорттук контроль жаатындагы башка иш-чараларды ишке ашырууга катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Бир өлкөгө же бир катар өлкөлөргө карата экспорттук контролго байланыштуу эл аралык санкцияларга Кыргыз Республикасынын катышуусу жана ал санкциялардын жүзөгө ашырылышы эл аралык укук ченемдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат. Айрым учурларда мындай санкциялар Кыргыз Республикасы тарабынан бир жактуу кабыл алынышы мүмкүн. Эл аралык санкция жарыяланган учурдан баштап Кыргыз Республикасы тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларына тарткан зыяндарынын ордун толтуруп бербейт.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-14)
