# 11-статья. Экспортту, импортту, реэкспортту жана транзитти караган тышкы экономикалык операциялар

- Документ: [Экспорттук контроль жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1154)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 23-январындагы № 30 "Экспорттук контроль жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об экспортном контроле"](https://aqlex.ai/kg/doc/112510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154#diff=1281667..1281668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1101/edition/1281663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1154/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экспорттук контроль жөнүндө, 11-статья (15.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-11

---

Операциялардын экспортуна, импортуна, рекэкспортуна жана транзитине лицензияларды жана уруксаттарды берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Аскердик багыттагы продукцияны экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону караган тышкы экономикалык операциялар төмөнкү учурларда лицензиясыз жүргүзүлөт:

1) аскердик багыттагы продукцияны эл аралык көргөзмөлөрдө жана көрсөтүүлөрдө (иш-аракетте демонстрациялоодо) демонстрациялоо үчүн жүзөгө ашырылуучу аны ташып келүүдө жана ташып чыгууда Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен номенклатуралар жана көргөзмөнүн экспонаттарынын саны (көрсөтүүдө демонстрациялануучу аскердик багыттагы продукциянын үлгүлөрү) бар болгондо;

2) сыноолорду, машыгууларды өткөрүү үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып келүүдө жана ташып чыгууда;

3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана укук коргоо органдарынын муктаждыктары үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып келүүдө (коргоонун жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарында);

4) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууда;

5) белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ишке ашырууда;

6) Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чет өлкөлүк юридикалык жактар менен түзгөн контракттар боюнча оңдоону, модернизациялоону же алмаштырууну жүзөгө ашыруу үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып чыгууда, андан соң ташып келүүдө.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1154/st-12)
