# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 854
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11524>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1821/edition/1117070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтому (24.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11524

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-декабры № 854 Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүнүн алкагында Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорлорун, ошондой эле республикалык бюджеттин бөлүгү болуп саналган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге программалык негизде бюджеттерди сапаттуу жана өз убагында түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82, 84, 85, 86 жана 87-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускама, 1-тиркемеге ылайык;

- Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускама, 2-тиркемеге ылайык;

- Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлорун аныктоонун тартиби жөнүндө нускама, 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
