# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-декабрындагы № 829 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-декабрындагы № 829 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 829
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11516>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1813/edition/1145978/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11516.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-декабрындагы № 829 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтому (21.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11516

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-декабры № 829 Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январындагы дем алыш күндөрү тиешелүү түрдө 2018-жылдын 2-январындагы жана 3-январындагы иш күндөрүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январындагы дем алыш күндөрүн тиешелүү түрдө 2018-жылдын 2-январындагы жана 3-январындагы иш күндөрүнө которуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
