# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 745
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11514>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1811/edition/1145972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11514.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтому (16.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11514

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-ноябры № 745 Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө

Көмүрдүн баасынын өсүү темпин басуу, 2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу 90 календардык күнгө киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүк баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрсүн.

Караңыз: КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик Агенттигинин 2017-жылдын 17-ноябрындагы N 41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы N 745 "Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу жөнүндө" буйругу

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С. Исаков
