# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 "Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 "Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 757
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1810/edition/852471/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11513.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 "Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө" токтому (17.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11513

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 211 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-ноябры № 757 Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар мамлекеттик тилди төмөнкүдөй көлөмдөн жана деңгээлден кем эмес билүүгө милдеттүү:

базалык деңгээлден (А2) - 2019-жылдан тартып; орто деңгээлден (В1) - 2020-жылдан тартып; ортодон жогору деңгээлден (В2) - 2021-жылдан тартып.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2018-жылдын 1-мартына чейин "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасынын талаптарына шайкеш келген мамлекеттик тил боюнча мугалимдер үчүн методикалык сунуштарды жана мамлекеттик тилди окугандар үчүн окуу куралдарын иштеп чыксын.

3. 2018-жылдын 1-мартынан тартып беш айдын ичинде бүт мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар жалпы милдеттүү тестирлөөдөн өткөрүлсүн, мында:

- мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар өткөн базалык деңгээлинен (А2) кем эмес тестирлөөнүн жыйынтыктары 2019-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик тилди билүүгө тиешелүү кесиптик компетенттүүлүгүн мындан ары баалоодо эске алынсын;

- базалык деңгээлинен (А2) төмөн тестирлөөнүн жыйынтыктары мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо боюнча тиешелүү комиссиялар үчүн аталган кызматчылардын ээлеген кызматтарга шайкеш келбегени тууралуу сунуштарды иштеп чыгууга 2018-жылдын ичинде негиз катары таанылбайт же аларды кызматтан төмөндөтүүгө негиз болуп бербейт. Ушундай мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар кийинки баалоо мезгилдеринде тестирлөөдөн өтүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен окутулууга тийиш (макулдашуу боюнча).

4. Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик компетенциясын мамлекеттик тилди билүүгө тиешелүү бөлүгүндө, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө баалоо 2019-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлсүн.

5. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча) мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутууга көмөк көрсөтүшсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Исаков
