# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/114665)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/114665/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3440/edition/626339/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/114665/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (20.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/114665/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2014-жылдын 18-апрели, № 29) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1-берененин экинчи абзацында "дефицитинин чектик өлчөмү" деген сөздөр жана "14605,7" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "профицити" деген сөзгө жана "614008,1" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. 3-беренеде "2015 жана 2016-жылдары - 100 пайызы" деген сөздөр "2015 жылы - 95 пайызы, 2016-жылы жана андан кийинки жылдары - 100 пайызы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 4-беренеде:

биринчи абзацында "14800000,0" деген цифралар "15322700,0" деген цифраларга алмаштырылсын; төртүнчү абзацында "1290783,9" деген цифралар "1813483,9" деген цифраларга алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу пенсияларды, компенсацияларды жана пенсияларга үстөк акыларды төлөөдөгү 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин 214380,0 миң сом суммасында карыздары 2014-жылы жоюлууга жатаары белгиленсин.".

4. Мыйзамга тиркеме ушул Мыйзамдын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/114665/st-2)
